2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 06.00) Иркутск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңсесинде №9007 шайлоо участкасы ачылган

2285

2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 06.00) Иркутск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңсесинде №9007 шайлоо участкасы ачылган, Иркутск ш., Декабрьских событий көчөсү, 107а.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабык болот.
Иркутск шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын 864 жараны катталган.

Эгерде сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңызды таба албай кыйналсаңыз, анда консул Ж.Жаныбаевге кайрылыңыз. Байланыш телефону: 89149243632. Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрү болушу керек - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту.

Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK