Түштүк-Сахалинск шаарындагы Кеңсенин № 9013 шайлоо участогунда Президентти шайлоого жана референдумга добуш берүүнүн ар түрдүү жыйынтыгы менен эки отчеттун фото көчүрмөсүнүн социалдык тармактарда тарашына байланыштуу, Элчилик төмөнкүнү билдирет
Түштүк-Сахалинск шаарындагы Кеңсенин № 9013 шайлоо участогунда Президентти шайлоого жана референдумга добуш берүүнүн ар түрдүү жыйынтыгы менен эки отчеттун фото көчүрмөсүнүн социалдык тармактарда тарашына байланыштуу, Элчилик төмөнкүнү билдирет.
2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө (бишкек убактысы боюнча 15.00) Түштүк-Сахалинск шаарындагы Кеңсенин № 9013 Участкалык шайлоо комиссиясы өз ишин аяктаган.
№ 9013 УШКда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого – 459 КРнын жараны, ал эми референдумга –458 КРнын жараны добуш берген.
Ошону менен бирге, добуштарды кол менен эсептөө аягына чыгарылып, анын жыйынтыгы боюнча урнадагы жараксыз 1 бюллетень, Участкалык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жарактуу деп табылган. Жыйынтыгында тизмедеги № 1 талапкер жалпы эсептен 346 добуш топтогон. Ошол эле учурда, калган талапкерлердиндобуштары өзгөрүүсүз калган. Шайлоочулардын жалпы тизмесинде 851 шайлоочу катталган.
Бул пресс-релизге жыйынтыктоочу электрондук отчеттун сүрөтү тиркелет.