2021 - жылдын 16 - январындагы пресс-релиз

2642

Россия Федерациясы Кыргыз Республикасына COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү.

2021 – жылдын 15 - январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана  адамзаттын бакубатчылыгы чөйрөсүнө көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоого 20 000 изилдөө жүргүзүү реагенти алынганын билдирет.

Ошол эле күнү гуманитардык жүк Кыргызстанга жиберилген.

Аталган гуманитардык жардамды кабыл алуучу болуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын – алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменти эсептелет.

Кыргыз Республикасы Россия Федерациясына көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK