КРнын жарандары үчүн маалыматтык билдирүү

2967

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, 2020-жылдын   15-декабрында  Россия Федерациясынын  Президентинин №791 «Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу   Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралардын аракетин узартуу жөнүндө" Жарлыгы чыкканын маалымдайт.

Ушул документке  ылайык Россия Федерациясынын аймагында  жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары,  2021-жылдын 15 -мартына чейин  төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

a)        жекелигин тастыктаган (ID-card / КРнын жалпы жарандык паспорту)  жарактуу мөөнөтү бүткөн  документтерин өз убагында алмаштыруу;

b)      Россиянын аймагында жүрүү үчүн документтерин (убактылуу жашоого уруксат, жашоо түрү,  мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу белгиси менен  миграциялык  карта, каттоосу) документтерин Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык тариздөө;

c)       зарыл болгон учурда, жумуш берүүчүлөр  менен ишке жалдоо жөнүндө эмгек келишимдерин жана контракттарын узартуу;

d)      административдик укуктарды бузгандыгы үчүн аткаруу бийлигинин федералдык  органдары, алардын мекемелери, түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык органдары жана башкалар тарабынан салынган айыптарын жоюу;

e)       Россия Федерациясынын  аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү (эгер мурда Россия Федерациясынын чегинен административдик  чыгаруу тууралуу чечим бар болсо).

           Россия Федерациясынын аймагында туруктуу же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын   жарандары жогоруда аталган пункттарды аткарбаган учурда,  Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынышы жана чыгарылышы мүмкүн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK