2021-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Агартуу министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко менен жолугушту.

2229

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун ушул жылдын 24-25-февралында Россияга болгон иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу менен байланышкан маселелер, ошондой эле КР менен РФнын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, Агартуу министри С.Кравцовдун 2021-жылдын март айынын экинчи декадасында Кыргызстанга боло турган иш-сапарынын деталдары, Кыргызстандын аймактарында россия мектептерин куруу боюнча пландар, республикада «Чет өлкөлөрдөгү россиялык мугалим» долбоорун андан ары ишке ашыруу, КРнын окуу жайларын окуу куралдар менен камсыздоо талкууланды.

Элчи Г-К. Самат КРнын жарандарын жана Кыргызстандын Россияда эмгектенип жүргөн мигранттарынын балдарын орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окутууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK