Ушул жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Москвадагы «Экспоцентр» эң ири көргөзмө борборундагы «Продэкспо – 2021» 28-Эл аралык азык-түлүк, суусундуктар жана чийки заттар көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

1973

Бул жылы көргөзмөгө дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1650 компания катышууда. Жалпы аянты 85 миң чарчы метрди түзгөн атайын көргөзмө жайларда тематикалык павильондор жана улуттук экспозициялар орнотулган.

Кыргыз компаниялары «Бакалея. Дан азыктары. Макарондор. Татымалдар, жыпар жыттуу заттар» секциясында өз көргөзмөсү менен жайгашкан.

Жалпысынан «Продэкспо – 2021де» негизги тамак-аштар жана суусундуктар, даамдуу даамдар, ошондой эле органикалык, спорттук жана диеталык тамак-аштар көргөзмөгө коюлду. Көргөзмө ушул жылдын 12-апрелинен 16-апрелине чейин өтөт жана презентацияларды, бир эле мезгилде сессияларды, бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды жана жеткирүү келишимдерин түзүү үчүн эки тараптуу В2В форматындагы жолугушуулардын мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK