2021-жылдын 18-июлунда Элчиликте «АЯН» жаштар театрынын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева менен биргеликте уюштурулган иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде «Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь» маданий иш-чарасы уланууда.
2021-жылдын 18-июлунда Элчиликте «АЯН» жаштар театрынын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева менен биргеликте уюштурулган иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга боорукердикке, сабырдуулукка, достукка жана эмгекке чакырган "Адам жана Карышкыр" аттуу кыргыз эл жомогу тартууланды. Жомок балдарга жакшы маанай тартуулап, алардын жылмаюсу менен коштолду.
Иш-чаранын аягында балдар кыргыздын улуттук тамактары болуп саналган курут, сары май жана сүмөлөктөн ооз тийишти.