Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн аймагында болгон окуя боюнча электрондук Жалпыга маалымдоо каражаттарында таркатылып жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

2042

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн аймагында болгон окуя боюнча электрондук Жалпыга маалымдоо каражаттарында таркатылып жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

2021-жылдын 24-июлунда, Кыргыз Республикасынын жаранына консулдук кызматтарды көрсөтүү учурунда, аны коштоп жүргөн адам өзүн туура эмес алып жүрө баштаган, Департаменттин кызматкерлери менен атайылап чагым кылуу аракетин жасап, чыр-чатактуу кырдаалды курчуткан, бир нече жолу сабыр кылып, кабинкадан чыгып кетүүсүн өтүнгөнүнө карабай Элчиликтин кызматкерлерин мазактап, жаман сөздөр менен сөгүп баштаган. Натыйжада Консулдук бөлүмдүн имаратынан күч менен чыгарууга туура келген.  Андан ары КР ИИМдин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери россиянын укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.  

Териштирүүлөрдүн  жүрүшүндө, бул адам Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда, электрондук базада анын кыргыз паспорту дагы бардыгы  аныкталган.

Ошол эле учурда, Элчиликте жарандарды кабыл алуу залында өз кезегин күтүп жаткан адамдардын көрсөтмөлөрү бар.

Өз кезегинде, консулдук кабыл алууну жүргүзгөн Элчиликтин кызматкери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө жана Россиянын укук коргоо органдарына  аталган жаранга карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылды.

Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери тарабынан мыйзам бузуу фактылары тастыкталган учурда, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK