2021-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу А.Букалаев «Россиялык Кызыл Крест» бүткүл россия коомдук уюмунун (мындан ары-РКК) төрагасы П.Савчук менен жолугушту, анын жүрүшүндө жашоо шартына байланыштуу кыйналган эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

1687

Колдоого муктаж болгондордун критерийлери, ошондой эле кызматташуунун гуманитардык, медициналык жана социалдык, психологиялык жардам, мигранттардын балдарына билим берүү, укуктук кеңештер, дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жарандарын издөө багыттары боюнча Элчилик менен РККнын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Ошондой эле РККнын коомдук кабылдамасынын "Ыкчам линиясынын" телефондорун белгилейбиз: 88006007372 (Россиянын чегинде акысыз чалуу), иш убактысы дүйшөмбүдөн жумага чейин: саат 09:00 – 20:00 чейин.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK