2021-жылдын 21-августунан 22-августуна чейин Казань шаарында Элчилик Волга федералдык округунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өз жеринде кезектеги консулдук кызматты уюштурду.
2021-жылдын 21-августунан 22-августуна чейин Казань шаарында Элчилик Волга федералдык округунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өз жеринде кезектеги консулдук кызматты уюштурду.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө консулдук-укуктук ар кандай маселелер боюнча 100дөн ашык Кыргыз Республикасынын жарандары кайрылышкан, анын ичинен 72 мекендешибизден (35ке жашы жете элек) Кыргыз Республикасынын паспортун алуу үчүн арыз кабыл алынган; жеке идентификациялык номер берилген; Кыргыз Республикасынын 14 жаранына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторун, ошондой эле 3 мекендешибизге жеке идентификациялык номер өзгөртүү жөнүндө арыздары катталган.
Консулдук чыгуулар Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында уюштурулууда.