2021-жылдын 24-августунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы Башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат ИИМдин Москва ш. боюнча Башкы Башкармалыгынын ыкчам иштери боюнча Башчысынын орун басары полициянын генерал-майору А.Половинка менен жолугушуусу болуп өттү.

1608

Биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө өз ара кызыкчылык билдирилди.

Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Москвада жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди.

2021-жылдын 7 айында эле Россиянын борборунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталган. Көбүнчө мыйзамсыз аракеттерди Кыргызстандын жарандары өз мекендештерине карата жасашат.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, консулдук бөлүм жалпыга маалымдоо каражаттарын күн сайын көзөмөлдөп, мекендештерге консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында ишеним телефонуна келген кыргыз жарандарынын мыйзамсыз кармалгандыгы жана камакка алынганы тууралуу маалыматка реакция кылары маалым болду.

Өз кезегинде, Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгы Элчиликти полициянын абийирсиз өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузушун мүмкүн болгон учурларын басууга даяр экенине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK