Ушул жылдын 25-августунда КРнын РФдагы Элчилигинде кылмыш жасоодо, ошондой эле Россия Федерациясында жаза өтөөдө айыпталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү.

1631

Ушул жылдын 25-августунда КРнын РФдагы Элчилигинде кылмыш жасоодо, ошондой эле Россия Федерациясында жаза өтөөдө айыпталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө, коомдук тартипти бузууга, массалык мушташтарга катышуусу менен талкууланды.

Ошону менен бирге, жолугушуунун катышуучуларына жазык ишин кароо тартиби, соттолгондордун укуктары, жазык мыйзамында далилдөө, жазаны дайындоо жана өтөө, ошондой эле соттолгондорду жазасын Кыргыз Республикасына өтөөгө которуу тартиби боюнча кеңири юридикалык кеңештер берилди. Консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарынын ата-энелеринин ар бири менен жеке иш жүргүзүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери катышып жаткан жарандардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууда москвалык жактоочу да сөз сүйлөдү жана кармалгандардын, камакка алынгандардын жана соттолгондордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу катышуучуларга айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, иш-чаранын катышуучулары көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашышты.

Жаңы кылмыштардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK