Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 27-августунда Москва Өкмөтүнүн концерттик залында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Россиядагы кыргыз диаспора уюмдары менен биргеликте чоң майрамдык концерт өткөрдү.

1544

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 27-августунда Москва Өкмөтүнүн концерттик залында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Россиядагы кыргыз диаспора уюмдары менен биргеликте чоң майрамдык концерт өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун кыргыз-россия достугун жана өнөктөштүгүн мындан ары активдештирүү боюнча демилгесин өзгөчө айтып, көз карандысыздык мезгилинде өлкөнүн негизги жетишкендиктерин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун коррупцияны жоюуга, руханий жана адептик өнүгүүнүн маанилүүлүгүнө, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды сактоого багытталган демилгелерине өзгөчө токтолду.

Ошондой эле Элчи Г.-К. Самат Кыргыз Республикасында боло турган парламенттик шайлоону белгиледи, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышынын иши жогоруда аталган реформаларды мыйзамдык жактан колдоого, Россия Федерациясындагы мекендештерге жардам берүүгө багытталарына ишенимин билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ үчүнчү департаментинин директорунун орун басары А.Мусиенко эки тараптуу кыргыз-россия мамилелеринин артыкчылыгын баса белгилеп, алардын прогрессивдүү өнүгүшүн, өз ара сооданын өсүшүн, диалогду өнүктүрүүгө россия тарабынын берилгендигин белгилеп жана Кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен  куттуктады.

"Кыргыз мамлекетинин калыптануу жана өнүгүү процесси оңой болгон жок, бирок россия тарабы Кыргыз Республикасынын учурдагы жетекчилиги өлкөдөгү саясий кырдаалды оңдоп, турукташтырууга жетишкенин канааттануу менен белгилейт", - деди өз сөзүндө А.Мусиенко.

Иш-чарада Башкортостан Өкмөтүнүн Вице-премьер-министри, Россиянын Баатыры У.Ханалиевдин куттуктоосу окулду, ошондой эле Татарстан Республикасынын Президенти Р.Н.Миннихановдун Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго куттуктоосу жеткирилди.

Концерттик программада Москвадагы "Аян" кыргыз жаштар театрынын актёрлору, эл аралык сынактардын лауреаттары, опера ырчылары, Кыргызстан менен Россиянын алдыңкы музыкалык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери өнөрлөрүн көрсөтүштү, анын ичинде Т. Казакова, А.Истамбаев, Ж.Анарбеков, А.Маратов, З.Касымова, К.Бостонова ж.б. да бар.

Музыкалык чыгармалар "Манас" эпосу легендасы аркылуу кыргыз элинин байыркы тарыхына тартып,   советтик мезгилдеги чыгармаларга, согуш ырларына, фольклорго, ошондой эле заманбап эстраданын обондоруна, анын ичинде этникалык стилге чейин чагылдырылды.

Концерттик залдын фойесинде иш-чаранын конокторуна Кыргыз Республикасынын туристтик жана экономикалык потенциалын чагылдырган фото көргөзмө, улуттук сувенирлер, кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле биздин өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео материалдар көрсөтүлдү.

Иш-чара катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты, анын ичинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы М.Мясникович, Аткаруу Комитетинин Төрагасы - КМШнын Аткаруучу Катчысы С.Лебедев, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн элчилери, чет өлкөлүк дипломаттар, Россия Федерациясынын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Россиядагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын лидерлери, Элчиликтин достору жана өнөктөштөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK