Ушул жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен Манасчы Доолот Сыдыковдун «Манас» эпосун айтуусунун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

1552

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат, манас таануучулар, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

Элчи өз сөзүндө улуу Манастын кыргыз эли үчүн өзгөчө ыйык маанисин белгилеп, Дөөлөт Сыдыковго анын бийик миссиясына жетүүдө ийгилик каалады.

Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада уюштурууга көмөк көрсөткөн тараптардын колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин улуу «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин тизмесине кирген. Ошондой эле «Манас» эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпос катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK