Концерттин жыйынтыгында Элчилик 300 000 рублдан ашык суммадагы каражат чогултууга жардам көрсөттү.

1621

Ушул жылдын 31 -августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги «Умут булагы» коомдук фонду менен биргеликте кичинекей мекендешибиз Аруузатка «Золгенсма» препаратын сатып алуу үчүн жетишпеген сумманы чогултууга жардам берүү максатында «Эгемен Кыргызстан – Аруузат үчүн» аттуу кайрымдуулук онлайн концертин өткөрдү. "

Өз сөзүндө Элчиликтин Кеңешчи-кичи Элчиси А.Эркин Аруузаттын тез сакайып кетишине үмүт артып, бардык мекендештерди анын сакайып кетишине салым кошууга чакырып өттү.

Онлайн концертке, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө-акын Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын Маданиятынын отличниги, Т.Сатылганов атындагы филармониянын солисти Аскат Мусабеков, популярдуу рэп - ырчы Бегиш ж.б. чыгармачыл инсандар катышты.

Концерттин жыйынтыгында Элчилик 300 000 рублдан ашык суммадагы каражат чогултууга жардам көрсөттү.

Элчилик кайрымдуулук акциясына жардам колун сунган ар бир кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылыгын билдирет.

Аруузаттын дарылануусуна акча чогултуу уланууда, ар бир жаран каалаган сумманы Аруузаттын апасынын эсебине которсо болот (реквизиттер: +7 916 552 31 25, Сбербанк - 4279 3806 7744 0945, Ташматова Жылдыз).

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK