Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында, 2021-жылдын 5-сентябрында Сургут шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын (Бөлүмүнүн) демилгеси менен Сургут шаарындагы кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери тарабынан мекендештер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

1331

Мелдешке кыргыз диаспора уюмдары тарабынан түзүлгөн командалар катышты.

Майрамдык иш-чаранын коноктору болуп кыргыз коомдук бирикмелеринин лидерлери жана активисттери, ошондой эле жаш мекендештер катышты.

Майрамдык иш-чарада Элчиликтин канцеляриясынын жетекчиси У.Ашимов куттуктоо сөзүн сүйлөдү, ал көрүүчүлөргө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн майрамдоонун тарыхы жөнүндө айтып берип, Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Турнирдин соңунда жеңүүчү командаларга сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK