2021-жылдын 8-сентябрында Санкт-Петербургдагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын (Бөлүмүнүн) өкүлдөрү Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган мемориалдык Пискаревскийдин көрүстөнүнө гүлчамбарларды коюу аземине катышышты

1414

2021-жылдын 8-сентябрында Санкт-Петербургдагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын (Бөлүмүнүн) өкүлдөрү Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган мемориалдык Пискаревскийдин көрүстөнүнө гүлчамбарларды коюу аземине катышышты.

Санкт-Петербургда аккредитацияланган консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тарабынан Мекендин эстелигине гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлду.

Пискаревское мемориалдык көрүстөнүнө Ата Мекенди коргоочулардын жаркын элесине урмат көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын, куралдуу күчтөрдүн, ардагерлер жана блокада уюмдарынын, шаардын башка коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана Санкт-Петербургдун тургундары келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK