«Москва шаарындагы Донор күнү» акциясы мекендештер арасында ушундай масштабда биринчи жолу өтүп жатат.

1388

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынан келген мекендештер арасында «Москва шаарындагы Донор күнү» аттуу гуманитардык акция өткөрүлдү. Кан тапшырууга 50дөн ашык адам, анын ичинде элчиликтин кызматкерлери катышкан иш-чаранын уюштуруучулары «Назар» коомдук-маданий демилгелердин аймактык коомдук уюмдары жана «Россия-кыргыз стратегиялык жана коомдук демилгелерди колдоо борбору» болуп саналат.

«Москва шаарындагы Донор күнү» акциясы мекендештер арасында ушундай масштабда биринчи жолу өтүп жатат.

Канды жана анын компоненттерин донордук кылуу маселеси ар бир мамлекеттин саламаттыкты сактоосунун өтө маанилүү жана негизги компоненттеринин бири экендиги белгилүү. Кайрымдуулук адамды гуманизм, боорукердик, жоопкерчиликтүүлүк, патриоттуулук сыяктуу жогорку руханий принциптерге тарбиялайт.

Буга байланыштуу Элчиликтин жардамы менен кыргыз диаспорасы донордук маданият жана волонтердук кыймыл жаатында Россия Федерациясынын тажрыйбасын колдонуунун алгылыктуу жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн иштелип чыгууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK