2021-жылдын 29-декабрынан кийин Россия Федерациясына иштөө үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын медициналык кароодон өтүү жол-жоболоруна мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкери Москва шаарындагы медициналык уюмдарга барып келди.

6323

Элчилик 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Россия Федерациясына визаны талап кылбаган тартипте иштөө үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керектигин кайрадан эскертет.

2021-жылдын 29-декабрынан кийин Россия Федерациясына иштөө үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын медициналык кароодон өтүү жол-жоболоруна мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкери Москва шаарындагы медициналык уюмдарга барып келди.

Бүгүнкү күндө Москва шаарында медициналык текшерүү төмөнкү мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат:

1.  Москва шаары, Докукина көчөсү 18  дареги боюнча Москва шаарынын Мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси "Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Москва шаардык илимий-практикалык борбору", кабыл алуу күн сайын саат 8.00 дөн 20.00 гө чейин,  ишемби күнү саат  9.00 дөн 16.00гө чейин, жекшемби - дем алыш күн. Медициналык текшерүүнүн баасы 6940 рубль, төлөм мекеменин өзүндө терминал аркылуу жүргүзүлөт. Кабыл алуу мекемеге келип кезекке туруунун негизинде ишке ашырылат. Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы 5-7 жумушчу күндүн ичинде чыгарылат;

2. Москва шаары, Раменки көчөсү 27 дареги боюнча Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси "Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин № 131 шаардык балдар поликлиникасында",  кабыл алуу шейшемби жана жума күндөрү саат 10.00дөн 14.00гө чейин (жумасына эки жолу) жүргүзүлөт.

Медициналык текшерүүнүн баасы 4100 рублди түзөт. 

3.  Сахарово айылы (Варшавское шоссесинин 64 км.) 1-үй, 47 корпус дареги боюнча Сахарово айылындагы көп функционалдуу миграциялык борбор (ММБ). Кабыл алуу күн сайын (дем алышсыз) саат 8.00дөн 20.00гө чейин жүргүзүлөт. Акы төлөнүүчү кызматтардын баасы болгону 5300 рублди түзөт (анын ичинен медициналык текшерүүнүн баасы 4100 рубль, ММБ кызматынын баасы 1000 рубль, банктык кызматтар 200 рубль). ММБда манжа изин тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедурасынан да өтсө болот.

Медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет өлкөлүк адам инсандыгын тастыктаган документти (паспортту), чет өлкөлүк паспортту (же кошумча ID-паспортту көрсөтүүдө) көрсөткөн учурда паспорттон котормосун жана миграциялык картаны көрсөтүүсү керек.

Медициналык текшерүү алардын дарыгердин рецептисиз баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу фактысынын бар же жок экендигин, жугуштуу ооруларды, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ инфекциясы) менен шартталган жугуштуу ооруларды текшерүүнү, ошондой эле айрым дарыгерлердин (фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-нарколог) текшерүүсүн камтыйт.

Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы терс болсо, тиешелүү маалымкат берилет. Эгерде изилдөөнүн жыйынтыгы оң болсо же изилдөө жүргүзүлбөсө, күбөлүк берилбейт. Эгерде мындай жарандарга карата баңги каражаттарын же психотроптук каражаттарды же жогоруда көрсөтүлгөн ооруларды колдонуу фактылары аныкталса, алардын Россия Федерациясында болушунун (жашоосунун) максатсыздыгы жөнүндө же Россия Федерациясына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Медициналык текшерүү процедурасынан өтүү үчүн башка медициналык уюмдарды аныктоо жөнүндө маалымат келип түшкөндө, Элчилик кошумча маалыматтарды жарыялайт.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK