2022-жылдын 11-январында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн юристи Россиянын Сахарово айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Москва боюнча Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандар үчүн борборунун (ЦВСИГ) Убактылуу кармоочу жайына барды.

1653

         Жолугушуунун жүрүшүндө борбордун жетекчилиги камакта кармоо шарттарын жакшыртуу жана чет мамлекеттердин жарандарын мекенине жөнөтүү тартибин тездетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

2022-жылдын 11-январына карата Борбордо россия сотторунун чечимдери менен Россия Федерациясынын аймагында административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган Кыргыз Республикасынын 75 жараны кармалып турат.

Борбордо убактылуу жүргөн чет мамлекеттердин жарандарын кармоонун шарттары, тамактануусу жана медициналык тейлөөсү менен тааныштыруу иш-чаралары өткөрүлдү.

Борбордун жыйындар залында Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу уюштурулуп, аларга жөнөтүү жол-жоболору жана Элчиликтин бул багыттагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча түшүндүрмөлөр берилип, алардын суроолоруна жооптор берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK