Санкт-Петербургдун түштүгүндө 41 жаштагы Кыргызстандын жаранынын катышуусунда травматикалык тапанчаны колдонуу менен болгон чыр-чатак тууралуу массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматка байланыштуу, Элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет.

1527

2021-жылдын 16-январында автосервистин кызматкери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны менен автосервистин кардарынын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө кардар тарабынан ок атылган. Жабыркаган кыргызстандык оң жаагынан травматикалык жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага "Бейбаштык" боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK