«Жүк-200»дү акысыз ташуу боюнча

1439

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен россиялык «Урал авиалиниясы» авиакомпаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Жүк-200»дү төмөнкү багыттар боюнча акысыз ташуу боюнча макулдашууга жетишилгенин маалымдайт: “Челябинск-Ош”; “Уфа-Ош”; “Минеральные воды-Ош”; “Нижневартовск-Ош”; “Казань-Ош”; “Самара-Ош”; “Сочи-Ош”; “Самара-Бишкек”; “Сочи-Бишкек”.

Ошол эле учурда, «Жүк 200»дү ташуу аларды жөнөтүүчү кызмат көрсөтүүчүгө өз алдынча төлөө зарыл болгон перрондук жана аэропорттук жыйымдарды камтыбайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK