Социалдык тармактарда Москва шаарынын райондорунун биринин жол-кайгуул кызматынын кызматкери кызмат учурунда чет өлкөлүк жарандын дарегине адепсиз сөздөрдү колдонуу менен аскер комиссариатына барууну талап кылган видеого байланыштуу

1417

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда Москва шаарынын райондорунун биринин жол-кайгуул кызматынын кызматкери кызмат учурунда чет өлкөлүк жарандын дарегине адепсиз сөздөрдү колдонуу менен аскер комиссариатына барууну талап кылган видеого байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет. 

Учурда Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана анын катышуучуларынын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул окуяга катышкандыгы тастыкталган учурда, Элчилик алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK