Ушул жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу М.Жолдошбековдун Мордова мамлекеттик университетинин ректору Д.Глушко менен жолугушуусу болгонун билдирет.

1119

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги консулдук иш-сапардын алкагында ушул жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу М.Жолдошбековдун Мордова мамлекеттик университетинин ректору Д.Глушко менен жолугушуусу болгонун билдирет.

Жолугушууда тараптардын билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүндүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Д.Глушко өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынан келген студенттердин санын көбөйтүү ниети тууралуу билдирди. Ошол эле учурда ал университетте популярдуу адистиктер боюнча, атап айтканда, Медициналык институтта жана Мордовия мамлекеттик университетинин Электроника жана жарык техникасы институтунда 47 кыргызстандык билим алып жатканын белгиледи.

Консул өз кезегинде билим берүү мекемеси менен Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын ортосундагы кызматташтык үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле М.Жолдошбеков Мордовия мамлекеттик университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK