"Элдик курултай тууралуу" 2022-жылдын 07-октябрындагы маалымат

966

2022-жылдын 7-октябрында Элчиликтин Кеңешчи-кичи Элчиси А.Эркиндин жетекчилиги астында Россия Федерациясындагы кыргыз диаспоралык бирикмелеринин жетекчилери менен жолугушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 15-августундагы № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултай боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө жогоруда аталган иш-чараны өткөрүүнүн актуалдуу маселелери каралып, Элдик Курултайга катышуу үчүн Кыргызстандын коомдук уюмдары тарабынан делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү тартибине өзгөчө басым жасалды. Жыйындын катышуучуларын кызыктырган бардык суроолор боюнча толук маалымат берилип, коомдук уюмдардын иш-чарага катышуусу үчүн делегаттарды сунуштоо укугун берген мыйзамдуу документтерин тапшыруу мөөнөттөрүн сактоо боюнча өтүнүч билдирилди.

Кыргызстандын коомдук бирикмелеринин жолугушуусунун жыйынтыгында даярдык иш-чараларынын жүрүшүндө күч-аракеттерди бириктирүү жана макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Элчилик Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн жана Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды көрсөтүү каалоосун билдирген кыргызстандык коомдук уюмдардын көңүлүн кайрадан төмөнкүлөргө бурат: 2022-жылдын 15-октябрына чейин тиешелүү документтерди (уюмдун Россия Федерациясында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү кайрылуу) берүү зарыл (дареги: Москва ш., Большая Ордынка көчөсү, 64 - үй, почта индекси: 115127, эл.почта: 4992385069@mail.ru).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK