"Баткен менен биргебиз" аттуу марафон жөнүндө

1021

2022-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Москва шаарындагы жана Москва областындагы кыргыз диаспора уюмдарынын активисттери жана лидерлери тарабынан 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан жабыркаган Баткен районунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында уюштурулган «Баткен менен биргебиз» аттуу марафонго катышты.

Россия Федерациясында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан чогултулган каражат Баткен облусунун жабыркаган жарандарына которулат.

Белгилей кетсек, Россиядагы бардык кыргыз диаспора уюмдары Кыргызстанда жашаган мекендештерге жардам көрсөтүү үчүн ар дайым биринчилерден болуп кол сунуп, каражат чогултууну жана кыйынчылыкка кабылган адамдарга гуманитардык жардамдарды жигердүү уюштуруп келет. 2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жапа чеккен баткендик мекендештерге бир топ каражат чогултуп, которуп беришкен.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери да Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам иретинде каражат чогултушкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK