Самара областында Кыргыз Республикасынын жарандарына көчмө консулдук кызмат көрсөтүлөт

1214

           2022-жылдын 14-октябрынан 16-октябрына чейин, Самара облусунда жарандардын консулдук кызматтарга муктаждыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жеринде консулдук кызмат көрсөтүү ишке ашырылат, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга/алмаштырууга арыздар кабыл алынат.

         Жарандарды кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Самара ш.,
Воронежская көчөсү, 9 үй.

         Кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү номерге кайрылыңыз: +7 927 260 34 84 (Кудуев Акылбек Аскербекович – Самара шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери).

         Элчилик жарандардан Самара облусунда жашаган туугандарына жана жакындарына аталган шаарга пландалган көчмө консулдук кызмат тууралуу маалымдоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK