Россия Федерациясынын жарандарын Россия Федерациясында жарым-жартылай мобилизациялоо жүрүп жатканына байланыштуу, Элчилик дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн төмөнкүлөргө бурат.

2884

Россия Федерациясынын жарандарын Россия Федерациясында жарым-жартылай мобилизациялоо жүрүп жатканына байланыштуу, Элчилик дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн төмөнкүлөргө бурат.

Бул жол-жобо Россия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Россия Федерациясынын аймагында жүрө алышат.

Көйгөйлүү маселелер жаралган учурда, анын ичинде чакыруу кагаздары туура эмес алынган учурда Элчилик кыргызстандыктарды дипломатиялык өкүлчүлүккө, Екатеринбург, Новосибирск шаарларындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна же Санкт-Петербург, Сургут, Владивосток, Красноярск, Южно-Сахалинск, Иркутск, Якутск шаарларындагы Элчиликтин Канцелярияларына кайрылууну сунуштайт.

Элчилик дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, Россия Федерациясынын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого жана уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырат.

Элчилик кырдаалга көз салып, кыргыз диаспора бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери менен дайыма байланышта болуп жатканын белгилейбиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK