«Элдердин достугу» эл аралык жаштар форуму тууралуу

1155

2022-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты Э.Жамгырчиев менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчиси Н.Кубенов Кыргыз диаспора кеңешинин Жаштар канаты, Москва мамлекеттик лингвистикалык институту жана А.М. Горчаков атындагы Коомдук дипломатияны колдоо фонду менен биргеликте уюштурган «Элдердин достугу» эл аралык жаштар форумуна катышты.

Бул Форум Борбор Азиянын жана Россия Федерациясынын жаштар уюмдарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого арналган. Форумдун жүрүшүндө элдик дипломатия боюнча лекция жана эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мастер-класс өткөрүлүп, ошондой эле Борбор Азия жана Россия элдеринин улуттук маданиятына арналган көргөзмө уюштурулду.

Бул иш-чаранын алкагында Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде дүйнөлүк жана улуттук адабиятка эбегейсиз салым кошкон улуу жазуучунун урматына арналган Ч.Айтматов атындагы кабинеттин салтанаттуу ачылышы болду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK