2022-жылдын 28-октябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Исландия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аурни Тор Сигурдссон менен жолугушуусу болуп өттү.

1160

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-исландия мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Исландиянын гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана геотермалдык булактар чөйрөсүндөгү бай тажрыйбасын жана компетенциясын эске алуу менен соода-экономикалык кызматташтыкты олуттуу өнүктүрүү максатында тараптар бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу иш-чараларды жана долбоорлорду уюштурууга күч-аракетин жумшоону макулдашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Исландиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK