2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Москванын Новогиреево районундагы «Киргизия» кинотеатрынын мурдагы имаратынын ордуна курулган көп функционалдуу «Место встречи Киргизия» коомдук борборунун ачылышына катышты.

836

      Объекттин ээси болуп саналган «Эдисонэнерго» ЖЧКсынын Башкы директорунун, «ADG groupe» компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Г.Печерскийдин коштоосунда Элчи Г.-К. Самат жалпы аянты 27 миң чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу борбордун ички аянтын карап чыкты.

      Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандан алынып келинген ар кандай азыктарды сатуу үчүн кыргыз улуттук тамак-аштарынын борборлорун жана соода аянтчаларын жайгаштыруу мүмкүндүгү тууралуу макулдашууга жетишилди.

       Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси токтолгон өзүнчө талкуунун темасы курулган имаратты жасалгалоо маселеси болду. Ошондой эле, мурдагы «Киргизия» имаратын кооздоп турган Кыргызстандын маданиятын камтыган жана өзгөчө тарыхый баалуулукка ээ болгон уникалдуу барельефтик скульптураларды жана оймо-чиймелерди сактоо зарылчылыгына токтолду.

        Г.Печерскийдин маалыматы боюнча, бардык барельефтер объекттин жаңы ээсинин эсебинен сакталып, реставрацияланган. Г.-К. Самат жана Г.Печерский аларды Москванын шаар куруу стандарттарына ылайык борборго жанаша жайгашкан аймакка орнотуу боюнча иштерди улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK