Ушул жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Аялдар кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

1042

Ушул жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Аялдар кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Аялдар кеңеши Элчи – Г.К.Саматтын демилгеси менен түзүлгөн. Кеңештин курамына Москванын илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү, ишкерлер, дарыгерлер, маданият өкүлдөрү, диаспора уюмдарынын жарандык активисттери ж.б. кирди.

Аялдар кеңешинин ишмердүүлүгү турмуштун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын жана балдардын кызыкчылыктарын коргоого, элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого, азыркы коомдо орун алган көйгөйлөрдү чечүү боюнча конструктивдүү мамилелерди түзүүгө, өсүп келе жаткан муунду адеп-ахлактык жана руханий жактан тарбиялоого жана башка маселелерге багытталган.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK