2022-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоого көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Москва жана Москва областы боюнча аймактык органынын өкүлдөрү менен жолугушту.

1053

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын Москва шаарынын аймагынан медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө, анын ичинде аларды башкалар үчүн коркунуч туудурган жана алардын Россия Федерациясында болушун каалабагандыгы жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган инфекциялык ооруларга кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберүүгө байланышкан көйгөйлөрдү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык кароодон өткөргөн медициналык уюмдарга карата контролдук-көзөмөл иш-чараларын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK