Элчиликтин 10-январдагы маалыматтык билдирүүсү

9577

Кыргыз тарабынын бир нече ирет кайрылуусунан кийин жана КР ТИМ менен КРнын РФдагы Элчилигинин россия тарабы менен жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Москва шаарынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын башкалар үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар/жоктугуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөндүгү үчүн акы төлөө жокко чыгарылганын маалымдайбыз.

Мындан тышкары, Москва шаарынын «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Ошону менен, башка медициналык мекемелерге жиберилбестен, аталган Борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар-жоктугуна кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жаран жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK