2023-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Б.А.Чернышов менен жолугушту.

809

Б.А.Чернышовдун көмөгү менен Москвадагы кыргыз диаспора жаштар уюмдарынын өкүлдөрү үчүн пленардык жыйындар залын көрүү менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын имаратында тааныштыруу экскурсиясын уюштуруу боюнча Элчиликтин демилгеси ишке ашырылды.

Биргелешкен жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен иш-чараларды жандандыруу, анын ичинде эки мамлекеттин жаштарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK