КРнын РФдагы Элчилигинин пресс - релизи: «Москвада мекендештер арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн футбол турнири аяктады»

139

2023-жылдын 22-майында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн футбол турниринин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Россияда жашаган мекендештер арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн футбол турнири  биринчи жолу уюштурулду. Кыргызстандын 40 районунан жана 8 шаарынан келген өкүлдөрдөн турган 48 футболдук команда бир ай ичинде мыктыларды аныктады.         Аны ишке ашырууга «Кыргызстан менен достук коому» автономиялык коммерциялык эмес уюму жана Москвадагы кыргыз диаспора уюмдары активдүү колдоо көрсөтүштү.

Салтанаттын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси Медетбек Букуев куттуктоо сөзү менен кайрылып, Мамлекет башчысынын атынан жеңүүчүлөрдү куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындай иш-чараларды өткөрүү элибиздин ынтымагын, достугун, биримдигин чыңдап, спортко болгон сүйүүнү, жигердүү жашоо образын шарттарын белгиледи.

Төмөнкүлөр турнирдин жеңүүчүлөрү болуп таанылды:
1-орун - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун командасы;

2-орун - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун командасы;

3-орун - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун командасы.

Негизги футбол турнири менен бир убакта «40+»  ардагерлер арасында турнир өткөрүлдү, анын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталды:

1-орун - Ысык-Көл облусу;

2-орун - Жалал-Абад шаары;

3-орун - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен району.

         Жеңишке жетишкен негизги турнирдин командалары медалдар жана акчалай сертификаттар менен сыйланышты: биринчи орунга 300 миң рубль, экинчи орунга 200 миң рубль, үчүнчү орунга 100 миң рубль, 4-орунга 50 миң рубль. Мындан тышкары, оюнчуларга төмөнкү номинациялар боюнча тиешелүү дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды: «мыкты дарбазачы», «мыкты коргоочу», «мыкты чабуулчу» жана «мыкты машыктыруучу».

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK