Элчиликтин 2023-жылдын 12-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

289

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги укук коргоочу В.Чупиктин Kaktus.media маалымат порталынын сайтында жана социалдык тармактарда жарыяланган жалган маалыматын жокко чыгарат. Тактап айтканда, В.Чупик чындыкка дал келбеген төмөнкү маалыматтарды айтып чыккан:

  1. «Россияда Кыргызстандын жарандары Тажикстандын жарандарына караганда 2,5 эсе көп». Россия тараптын маалыматы боюнча 2022-жылдын 31-декабрына карата Россияда 5,6 миллиондон ашык чет өлкөлүк жарандар болсо, анын 1 миллион 73 миңи Тажикстандын жарандары, ал эми Кыргызстандын жарандары 587 миң;
  2.  «Россияда Кыргызстандын жарандары Тажикстандын жарандарына караганда 4 эсе көп кармалат». Элчилик Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын массалык түрдө кармалышына байланыштуу кырдаалды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. Акыркы жолу Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан 2023-жылдын апрель айында Москва шаарынын Таган районундагы коомдук тамактануу жайларынын биринде ифтар учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарына карата документтерди массалык түрдө текшерүү жүргүзүлгөн. Элчиликтин Консулунун Москванын Таган районундагы Россиянын Ички иштер министрлигине баруусу менен кармалган кыргызстандыктардын бардыгы бошотулган;
  3.  «Соңку убакта Кыргызстандан барган эмгек мигранттарын массалык түрдө кармап, уруп-сабоо фактылары катталууда». Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык түрдө кармоо жана ур-токмокко алуу катталган эмес;
  4.  «Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандыгын алган Россия Федерациясынын жарандары Россиядан чыгууга тыюу салуу көйгөйүнө туш болушууда». Кош жарандыгы барлардын чыгуусуна тыюу салуу маселеси боюнча Элчиликке кайрылуулар болгон эмес;
  5.  «Миграциялык каттоодон башка даректе жашаган эмгек мигрантына карата чыгарылган Россия Федерациясынан административдик чыгаруу жөнүндө соттун токтомун жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө». Мындай учурда В.Чупик аталган соттун чечимин жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенин чечкиндүү түрдө билдирет. Бирок Россияда миграциялык каттоонун негизги максаты чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүн көзөмөлдөө экенин белгилей кетүү керек. Жарандардын иш жүзүндө жашабаган жайдын дареги боюнча жасалма миграциялык каттоого туруусу Россия Федерациясында миграциялык эрежелерди одоно бузуу болуп саналат. Мындай жарандар миграциялык каттоодон мажбурлап чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартылат;
  6. «Россияда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси боюнча Элчиликтин аракетсиздиги жөнүндө». Элчилик ай сайын өзүнүн расмий сайтына консулдук багытта аткарылып жаткан иштер боюнча отчетторду жарыялап турат.

Мындан тышкары, видеоматериалда кыргызстандыктардын Россияда жүрүү жол-жобосун жеңилдетүү максатында дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан эч кандай чаралар көрүлбөгөндүгү тууралуу КР жаранынын позициясы (анын жеке маалыматтары көрсөтүлгөн эмес) айтылган. Ошондой эле Элчиликте болжолдуу алдын ала жазылуу бар экендиги, телефон аркылуу кеңеш алуу мүмкүн эместиги жана мекендештерге Украинада атайын аскердик операцияга катышуудан баш тартуу зарылчылыгы тууралуу маалымат берилбегендиги тууралуу айтылат.

Элчилик, юристтер эч кандай алдын ала жазылуусуз эле кабыл аларына Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн бурат. 2023-жылдын 5 айы ичинде Элчиликтин юристтери Кыргыз Республикасынын 5,6 миңге жакын жаранына юридикалык жардам көрсөтүшкөн, ишеним телефондору жана социалдык тармактар ​​аркылуу 45 миңден ашык адам консультация алышкан, чат-боттун жардамы менен 6527 жаран керектүү маалыматтарды алышкан, расмий сайтта консулдук багыт боюнча 46 маалыматтык билдирүү жарыяланган. Ошону менен бирге, Элчилик Россиядагы Кыргызстандын жарандары арасында, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышууга жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет. Бул иштер кыргыз диаспора уюмдарын тартуу менен (үстүбүздөгү жылдын январь айынан май айына чейин кыргыз диаспорасы менен 69 жолугушуу өткөрүлдү), ошондой эле Россия Федерациясындагы мекендештер көп жашаган жерлерге болгон консулдук иш-сапарлардын алкагында, Россия Федерациясынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткан 136 соттолгон жарандар менен жеке жолугушуулар  учурунда ишке ашырылып, Элчиликтин расмий сайтына маалыматтык билдирүүлөр жарыяланган.

Ошентип, Элчилик укук коргоо уюмдарынын айрым өкүлдөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердигине шек келтирген чагымчыл билдирүүлөрүнө алдырбоого, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында жүргөн кыргызстандыктарга расмий маалыматтарга гана таянууну же Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк мекемелерине түз кайрылууну сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK