Элчилик тарабынан Евразиялык экономикалык комиссиянын, «Яндекс. Жеткирүү», «Яндекс. Тамак-аш», «Яндекс. Такси» платформасынын өкүлдөрүнүн Россия Федерациясында жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында иштеген кыргызстандык активисттер менен жолугушуусу уюштурулду.

335

Маалыматтык - түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Евразиялык экономикалык комиссиянын, «Яндекс. Жеткирүү», «Яндекс. Тамак-аш», «Яндекс. Такси» платформасынын өкүлдөрүнүн Россия Федерациясында жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында иштеген кыргызстандык активисттер менен жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга такси жана курьердик жеткирүү менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатында мекендештердин өз алдынча иштөө статусун алуу тартиби тууралуу маалымат берилип, ошондой эле «Яндекс» платформасы аркылуу иштерин жүзөгө ашырган айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо жана аларга юридикалык жардам көрсөтүү, чет өлкөлүк айдоочулар менен жарандык-укуктук келишим түзүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери, Россиянын аймагында мыйзамдуу түрдө жүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү маселелери талкууланды.

«Яндекс» платформасынын өкүлдөрү тез аранын ичинде жарандарды маалымдоо максатында Яндекс платформасынын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери, анын ичинде ишке орноштуруу тартиби жөнүндө тиешелүү түшүндүрмөлөр камтылган маалымдама материалдарын даярдоо тууралуу жыйындын катышуучуларынын сунушун колдошту.

Иш-чаранын катышуучулары зарыл болгон толук информацияны алууну шарттаган жолугушуунун жемиштүүлүгүн белгиледи.

Элчилик кыргыз активисттеринен жолугушуунун жүрүшүндө алынган маалыматтарды Россия Федерациясынын аймагында бул жаатта иштеген Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жеткирүүнү суранды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK