Элчиликтин 2023-жылдын 2-декабрындагы маалыматтык билдирүүсү

271

Элчиликтин кызматкерлери өрт чыккан Москвадагы Садовод базарында болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө базардын администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле аталган базарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Алынган маалыматка ылайык, окуянын кесепетинен жалпысынан үч адам жабыркап, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, 350 адам эвакуацияланган, жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Маалымат үчүн: “Садовод” базары Европадагы эң чоң базар. Москванын түштүк-чыгышында жайгашкан. «Киев Площадь» компаниясына таандык, ал 40 гектар жерди ээлеп, 9,5 миң дүкөндү камтыйт. Базарда 20 000 миңден ашык адам иштейт. Садоводго күн сайын Россиянын ар кайсы аймактарынан жана башка өлкөлөрдөн 100 000 миңден ашык сатып алуучулар келет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK