Элчиликтин 2023-жылдын ноябрь айындагы консулдук багыттагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

273

2023-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Канцеляриялар менен бирдикте Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына 36 жолу баруу жүргүзүлдү;
  • 12 кыргызстандыкты юридикалык жоопкерчиликтен бошотуу маселеси иштелип чыкты, анын ичинен 9 адам административдик жоопкерчиликтен, 3 адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду;
  • оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 1 жараны мекенине кайтарылды;
  • Газа тилкесинен (Палестина) Кыргыз Республикасынын 2 жаранын эвакуациялоого жардам көрсөтүлдү;
  • Россия Федерациясынын сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 32 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
  • 1287 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 8 сот отурумуна катышуу ишке ашырылды;
  • Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен 28 жолугушуу өткөрүлдү;
  • Россия Федерациясынын Хабаровск аймагында жүргөн 45 Кыргыз Республикасынын жаранына жеринде консулдук кызматтар көрсөтүлдү.
  • Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттеринин катышуусунда 15 иш-чара өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 6643 адамга консультация берилди, чат-бот аркылуу 973 жаран керектүү маалымат алышты, Элчиликтин сайтында 10 маалыматтык билдирүү жана интервью жарыяланды.

2023-жылдын ноябрь айында Элчилик Канцеляриялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 17 058 консулдук кызматтарды жана иш-аракеттерди көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK