Москва шаарындагы кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Манас» эпосуна арналган майрамдык иш-чара өттү

204

2023-жылдын 4-декабрында Москва шаарында В.В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинде жайгашкан “Көчмөндөр цивилизациясы” музейинде Москва шаарындагы кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Манас» эпосуна арналган майрамдык иш-чара өттү.

Иш-чарада «Манас» эпосунун күнүнө карата Москвада эмгектенген манасчы Улукбек Билалов эпостон үзүндү айтып берди.

Майрамга карата Россия Федерациясында жашаган кыргызстандык балдардын арасында Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи уюштурулду.

Сынакка Россиянын бардык аймактарынан 30дан ашуун бала катышты.

Сынактын бардык катышуучулары Элчиликтин атынан эстелик белектер, кыргыз жана орус тилдериндеги китептер менен сыйланышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү балдар үчүн кооз сүрөттөрү менен чыгарылган кыргыз жана орус тилдериндеги «Манас» баатырдык эпосу жана Кыргызстанбыз, анын аймактары, жаратылышы, өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчтарындагы кооз жерлер жөнүндө жазылган «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» китептери менен сыйланышты.

Сүрөт сынагынын жаш катышуучуларын Москвадагы кыргызстандыктардын «Ноокат» коомдук бирикмеси жана Москвадагы «Нурайым» кайрымдуулук уюму атайын таттуу белектер жана улуттук даамдар менен сыйлашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK