Элчилик М.И. Рудомино атындагы чет элдик адабияттардын Бүткүл россиялык мамлекеттик китепканасынын базасында “Чыңгыз Айтматов. Инсан. Доор" аталган адабий-музыкалык кечесин өткөрдү

206

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги М.И. Рудомино атындагы чет элдик адабияттардын Бүткүл россиялык мамлекеттик китепканасынын базасында “Чыңгыз Айтматов. Инсан. Доор" аталган адабий-музыкалык кечесин өткөрдү.

Иш-чараны М.И. Рудомино атындагы чет элдик адабияттардын Бүткүл россиялык мамлекеттик китепканасынын Башкы директору П.Н.Кузьмин ачып,  Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кече аталган китепканада өткөрүлүп жаткан “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн маданияттар жылдызы” фестивалынын алкагында атайын иш-чара экендигин белгиледи.

Маалымат катары: “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өлкөлөрүнүн маданияттар жылдызы” фестивалы – КМШга катышкан өлкөлөрдүн маданияты менен кенен тааныштырган, алардын жазуучу, сүрөтчү жана музыканттарынын чыгармаларын бирине-бирне жеткиликтүү жана жакындаштырган уникалдуу долбоор.

Элчиликтин Кеңешчи-Кичи Элчиси А.Омуркулова куттуктоо сөзүндө дүйнөгө белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, дипломат Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, улуу мекендешибиздин атын, чыгармачылыгын сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү ар бир кыргыз жаранынын ыйык милдети экендигин Бул жааттан алганда ал ошондой эле Россиядагы кыргыз диаспорасына, анын ичинде Ч.Айтматовдун мааракесин өткөрүүгө активдүү катышкан активисттерге быйылкы жылы белгилүү датага байланыштуу Россиянын аймактарында бир катар иш-чараларды өткөргөндүгү жана жалпысынан кыргыз элинин руханий, маданий жана адабий мурастарын жайылтуу, балдарды жана жаштарды аны менен тааныштыруу, ошондой эле Россиянын элдери менен маданий байланыштарды өнүктүрүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирдип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Ч.Айтматов атындагы Фондон келген жана КРнын РФдагы Элчилигинин атынан ыраазычылык каттарды салтанаттуу тапшырды.

Россиянын Көркөм Академиясынын вице-президенти, искусство таануучу, Ч.Айтматовдун жакын досу жана өнөктөшү А.А.Золотов жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу чын жүрөгүнөн чыккан эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анда Ч.Айтматовдун өз өлкөсүнүн тарыхына болгон өзгөчө аяр мамилесин, анын адамдык жөнөкөйлүгүн жана адамдардын ички дүйнөсүндөгү жакшылыктарына чын ыкластан ишенгендигин баса белгилеп кетти. Бул ишеним Ч.Айтматов турмуштун оор күнүмдүк сыноолорун жеңүү боюнча сабактарды берип, окурмандын аң-сезимине бүлүк салып, моралдык талдоо жана ойлорго батырган чыгармаларында чагылдырылган. А.А.Золотов кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматов чыгармалары менен ар бир окурманынын жүрөгүндө жашап жаткан орус жазуучусу дагы экенин баса белгиледи.

Иш-чарада ошондой эле Ч.Т. Айтматов атындагы “Ысык-Көл форумунун” вице-президенти Д.Э.Жумабаева, режиссер, Ч.Т.Айтматов жөнүндө бир катар даректүү тасмалардын автору Г.Г.Нахапетов, филология илимдеринин доктору, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору М.Е. Коңурбаев, ошондой эле Москвадагы азербайжан жана тажик улуттук диаспораларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Адабий-музыкалык кеченин өзгөчөлүгү катары М.И. Рудомино атындагы чет элдик адабияттардын Бүткүл россиялык мамлекеттик китепканасы тарабынан даярдалган Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндүнү дүйнөнүн жети тилинде көркөм окуу болду.

Ч.Айтматовдун мааракесине арналган концерттик программаны кыргыз диаспорасынын таланттуу өкүлдөрү уюштуруп, «Манас» эпосунан үзүндү, комузда кыргыздын улуттук күүсү ойнолуп, «Шайыр» фольклордук ансамблинин аткаруусунда ырлар аткарылды, ошондой эле “Аян” театры тарабынан «Ак кеме» повестинен театрлаштырылган үзүндү коюлду.

Китепкананын фойесинде коноктор үчүн жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөткөргөзмө ачылып, “Кыргыз-Кербен” коомдук уюмунун көмөгү менен кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана мекендештердин колунан жаралган улуттук кондитердик азыктар коюлду.

Кеченин коноктору 2013-жылы Ч.Т.Айтматовдун 85 жылдыгына карата аталган китепкананын атриумунда ачылган Ч.Т.Айтматовдун бюстуна гүл коюшту.

Ч.Т.Айтматовдун жаркын элесине арналган адабий-музыкалык кече РФнын “Маданият” каналында түз эфирде көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK