Якутск шаарында М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95-жылдык мааракесине арналган илимий семинар өткөрүлдү

253

Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутиянын) борбору Якутск шаарында 2023-жылдын 11-декабрында М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95-жылдык мааракесине арналган илимий семинар өткөрүлдү.

 Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсесинин кызматкери катышып, Чынгыз Айтматовдун дипломатиялык ишмердүүлүгү тууралуу баяндады.  Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин профессорлору Галина Жондорова, Юлия Хазанкович, Валерий Надькин жана Якутиянын Жазуучулар бирикмесинин өкүлү, Якутиянын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Ольга Пашкевич Ч. Айтматовдун чыгармаларын кеңири талдоо менен бирге, кеменгер жазуучунун адабий мурасынын бүткүл адамзаты үчүн баалуулугун белгилешти.

Семинарда Ч. Айтматовдун  өмүр-баяны, чыгармачылыгы жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, жазуучунун орус жана саха тилдериндеги китеп көргөзмөсү уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK