Москва шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү

181

2023-жылдын 12-декабрында Москва шаарында М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайы (институту) жана В.Спесивцевдин жетекчилиги астындагы Москва жаштар театры кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүштү.
М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында “Чыңгыз Айтматовду барактай” аталган 3-курсунун дипломдук спектаклинин программасы коюлду – Кыргыз студиясынын студенттери көрүүчүлөргө Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн, “Кыямат”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Жамийла”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” жана башка чыгармаларынан үзүндүлөрдү тартуулашты.
Спектаклге М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайдын ректору Б.Любимов, курстун көркөм жетекчиси Д.Кознов жана курстун окутуучулары катышты.
Москвадагы Жаштар театрынын сахнасында "Кыямат" спектакли коюлду. Ч.Айтматов аталган театрдын жетекчиси, режиссер жана Россия Федерациясынын Эл артисти В.Спесивцевдин жеке досу, ошондой эле театралдык спектаклдеринин автору болгон.
“Кыянат” спектаклинде «Аян» (Москва ш.) кыргыз жаштар театрынын артисттери кыргыз тилинде коюшту, бул көрүүчүлөргө классиктин өлбөс-өчпөс адабий мурасын толук сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бул иш-чараларга катышкан Элчиликтин кызматкерлери Элчиликтин атынан театрлардын чыгармачыл жамааттарына эстелик белектерди, анын ичинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган советтик мезгилдеги москвалык сүрөтчүлөрдүн гравюраларынын архивдик комплектилерин тапшырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK