Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу менен залкар жазуучунун элесин эскеришти

157

2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери кыргыз адабиятынын классиги Ч.Айтматовдун Москва шаарынын районундагы Подольское шоссеси менен Павловская көчөсүнүн кесилишиндеги ушул эле аталыштагы паркта жайгашкан эстелигине гүл коюу менен, анын элесин эскеришти.

Залкар жазуучунун туулган күнүнө арналган салтанатка КРнын Эмгек жана социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, Ч.Т. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун өкүлдөрү Москвадагы кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдары да катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK