Владивосток шаарында “Уссури” кинотеатрында дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына арналган кыргыз киносунун күндөрү өттү
Ушул жылдын 16-17-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Владивосток шаарындагы Кеңсесинин демилгеси жана Владивосток шаар башчысынын колдоосу менен Владивосток шаарында “Уссури” кинотеатрында дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына арналган кыргыз киносунун күндөрү өттү.
Владивосток шаарында кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Эрте келген турналар”, “Кызыл алма”, “Делбирим”, “Саманчынын жолу”, “Ак-кеме”, “Биринчи мугалим” тасмалары көрсөтүлдү.
Иш-чаранын ачылышы Владивосток шаарынын башчысынын орун басары, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Индия, Япония, Вьетнам, Кытай, Беларустун Башкы консулдуктарынын, ошондой эле Владивосток шаарынын жашоочуларынын жана мекендештердин катышуусунда өттү.