2023-жылдын 23-24-декабрында Россия Федерациясынын Самара шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарына жеринде консулдук кызматтар көрсөтүлөт

235

2023-жылдын 23-24-декабрында Россия Федерациясынын Самара шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарына жеринде консулдук кызматтар көрсөтүлөт, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун алууга/алмаштырууга арыздар кабыл алынат.

Жарандарды кабыл алуу төмөнкү даректе ишке ашырылат: Самара ш., Калинина, көч. 1-үй (2-кабат), «Манас-Ата» кеңсеси.

Кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

  • Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн ишеним телефону: +7 (925) 115-50-47;
  • Кудуев Акылбек – Самара облусундагы кыргыз диаспорасынын лидери: +7 (927) 260 34 84. Самара шаарындагы консулдук кызматтын дарегин жана убактысын тактоо үчүн.

Элчилик Россия Федерациясынын Самара облусунда жашаган туугандарына жана жакындарына Самара шаарында пландалган жеринде консулдук кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат берүүнү өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK