Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан жыл сайын 18-декабрда белгиленүүчү Эл аралык мигранттар күнүнө карата Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен кыргыз диаспорасынын активисттеринин жолугушуусу уюштурулду.

233

2023-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан жыл сайын 18-декабрда белгиленүүчү Эл аралык мигранттар күнүнө карата Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен кыргыз диаспорасынын активисттеринин жолугушуусу уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Адам укуктары үйүнө экскурсия уюштурулуп, институттун адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди.

Ошону менен бирге жолугушууда Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери талкууланды. Кыргыз диаспорасынын активисттери административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо кыргызстандыктардын эмгек укуктарын камсыздоо, жарандардын социалдык аялуу категорияларынын укуктарын коргоо жана процессуалдык нормалардын сакталбагандыгы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мекендештердин сунуштарын эске алуу менен күч-аракеттерди бириктирип, биргелешкен иштерди уюштурууну макулдашты.

Соңунда иш-чаранын катышуучулары жарандарды укуктук тарбиялоого багытталган жыйындын жемиштүү болгонун белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK