Саха (Якутия) Республикасынын Якутск шаарында адабий музейде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кече өттү

322

Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутиянын) борбору Якутск шаарында 2023-жылдын 21-декабрында П.А. Ойунский атындагы Адабият музейинде залкар кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдык мааракесине арналган кече өткөрүлдү.

Кече Саха (Якутия) Республикасынын Адабият музейинин жана Руханий академиясынын демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинин көмөгү менен уюштурулду. Иш-чарага “Кыргыз конгресс” диаспора уюмунун, Саха Республикасынын илимий-чыгармачылык ишмерлеринин өкүлдөрү катышты.

Якутиянын чыгармачыл коомчулугунун өкүлдөрү өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов менен өткөн жолугушууларды эскерип, анын чыгармаларынын маанилүүлүгүн жана бүткүл адамзат үчүн актуалдуулугун, ошондой эле классиктин чыгармачылык мурасынын дүйнөлүк маданияттагы ордун белгилешти.

Мындан сырткары,  Ч.Айтматовдун саха жана орус тилиндеги китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK