2023-жылдын 23-декабрында Элчиликте «КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙЛҮ!» аттуу социалдык долбоордун 4-айлампасынын салтанаттуу ачылышы болду

294

2023-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Москвадагы мекендештердин «МИРВАМ» окуу борбору жана «Агартуу билим борбору» коомдук бирикме менен биргеликте Элчилик тарабынан ишке ашырылып жаткан «КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙЛҮ!» аттуу социалдык долбоордун 4-айлампасынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Долбоорго ылайык, мекендештердин балдары 2024-жылдын январь айынан апрель айына чейин (ар ишемби сайын) Элчиликтин имаратында кыргыз тилин бекер окушат. Балдардын окуу процессин уюштуруу үчүн бардык шарттар менен жабдылган кабинет бөлүнүп берилген.

Москвада эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын балдарын элибиздин тарыхы жана салттары менен тааныштырууга көмөкчү болгон долбоорду ишке ашыруу үчүн долбоордун жетекчиси Роза Адышева баш болгон Москва шаарында жашаган мекендештердин арасынан 7 кесипкөй мугалим тартылган.

Жекшембилик мектеп программасында кыргыз тилин үйрөнүүгө көмөктөшүүчү ар кандай билим берүү темалары камтылган.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү, «МИРВАМ» билим берүү борборунун жетекчиси, ошондой эле окуучулардын ата-энелери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Келе жаткан Жаңы жылга арналган биринчи оюн сабагынын темасына байланыштуу викторина ойнотулуп, жыйынтыгы боюнча балдарга Элчиликтин атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK